Редакцияот 30.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2020-жылдын 30-июну № 2

Сыйлоо жөнүндө

 Айылдык аймакта калктын саны 6001ден аз болгондуктан, кошумча штаттык бирдик каралбай,  айылдык Кеңештин иш кагаздарын кошумча жумуш катары аткарып келе жаткан Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы У.Токтошовдун жумушуна баа берип, “23-июнь-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер күнүнө”  карата  2019-жылдын жыйынтыгы менен сыйлоо жөнүндө ,Көк-Таш айылдык Кеңешинин төрагасынын  билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Айылдык Кеңештин иш кагаздарын кошумча жумуш катары аткарып келе жаткан Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы У.Токтошовду “23-июнь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер күнүнө” карата 2019-жылдын жыйынтыгы менен сыйлоо максатында, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20  000 (жыйырма миң) сом каражат каралсын.

2.Каражатты ажыратуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш  айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Жакыев