Редакцияот 30.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2020-жылдын 30-июну № 3

Каражат ажыратуу жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жыл-Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” Жарлыгын айылдык аймакта толук кандуу турмушка ашыруу максатында кайрылган Көк-Таш аялдар  Кеңешинин төрайымы А.Кабылованын 24.01.2020-жылдагы  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Айылдык аймакта аялдар Кеңешинин ишин жандандыруу максатындагы иш-чара пландарын турмушка ашыруу үчүн, жергиликтүү бюджеттен 50 000 (элүү миң) сом каражат ажыратууга макулдук берилсин.

2.Каражатты ажыратуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш  айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин

социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Жакыев