Редакцияот 30.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2020-жылдын 30-июну № 4

Материалдык колдоо жөнүндө

 “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы №186 токтомуна ылайык, чек арада жайгашкан Булак-Башы айылынын тургуну Н.Умаровго материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө маселени  угуп жана талкуулап,  Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Чек арада жайгашкан Булак-Башы айылынын тургуну Умаров Нурмаматтын мал сарайы белгисиз себептерден улам өрттөнүп, ири көлөмдө чыгымга кириптер болгондугуна байланыштуу, мал сарайын кайрадан оңдоп-түзөө үчүн Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 35 000 (отуз беш миң) сом материалдык колдоо көрсөтүлсүн.

2.Каражатты ажыратуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш  айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Жакыев