Редакцияот 30.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2020-жылдын 30-июну № 5

Көпүрө куруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жыл-Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” Жарлыгына жана “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы №186 токтомуна ылайык, чек арада жайгашкан Чоң-Сай айылынын тургундарынын Чоң-Сай дарыясынын күн чыгыш өйүзүнө өтүүгө ылайыктап көпүрө куруп берүү жөнүндөгү арызы боюнча айыл башчысы М.Жаныбек уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чек арада жайгашкан  Чоң-Сай айылынын тургундарынын арызын канааттандыруу максатында, Куру-Сай участкасынан Чоң-Сай дарыясынын күн чыгыш өйүзүнө өтүүгө ылайыктап көпүрө куруп берүү Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго милдеттендирилсин.

2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Жакыев