Редакцияот 30.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2020-жылдын 30-июну № 9

Материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө

 Булак-Башы айылынын тургундары II топтогу майып – Каримов Тайырбектин жана Салтанат кызы Нурайымдын ден соолугуна байланыштуу материалдык жардам сурап кайрылган арыздарынын негизинде, үй-бүлөлүк шартын анализдеп чыккан Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин төрагасы А.Байнаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Көп жылдардан бери атайын ооруканаларда дарыланып келе жаткан Булак-Башы айылынын тургуну II топтогу майып –Каримов Тайырбектин үй бүлөлүк шартын эске алып, дарылануусу үчүн жергиликтүү бюджеттен 12000 (он эки миң) сом ажыратылсын.Ошондой эле Булак-Башы айылынын тургуну Салтанат кызы Нурайым Бишкек шаарында эки жолу операция болуп, учурда дарыланууга муктаж болуп турганын жана үй-бүлөлүк шартын эске алып, жергиликтүү бюджеттен 45 000 (кырк беш миң) сом ажыратылсын.

2.Каражатты ажыратуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго жана ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш  айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Жакыев