Редакцияот 30.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2020-жылдын 30-июну № 10

Материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө

Көк-Таш айылдык Кеңешинин 05.11.2018-жылдагы №5 токтому менен бекитилген “Көк-Таш айылдык аймагында көрсөтүлүүчү кошумча муниципалдык кызматтардын тизмесинин” 9-пункттунун негизинде, Көк-Таш айылдык аймагынын социалдык-экономикалык тармагынын өсүп-өнүгүшүнө бараандуу салым кошкон Эмгек ардагери Байнаев Жакшыбайдын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, маркумдун үй-бүлөсүнө материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндөгү Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин сунушун эске алып, Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Көк-Таш айылдык аймагынын социалдык-экономикалык тармагынын өсүп-өнүгүшүнө бараандуу салым кошкон Эмгек ардагери Байнаев Жакшыбайдын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, маркумдун үй-бүлөсүнө материалдык колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттен 50 000 (элүү миң) сом ажыратылсын.

2.Каражатты ажыратуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рыдавлетовго жана ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш  айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине  жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Жакыев