Редакцияот 30.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2020-жылдын 30-июну № 11

Каражат ажыратуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министринде болгон кеңешменин “Экономикалык өнүгүүнүн стимулдаштыруу тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтууга багытталган экономикалык иш-чараларды ишке ашыруу боюнча Республикалык штабынын жыйынынын” 2020-жылдын 6-мартындагы №2 сандуу протоколун жетекчиликке алып, COVID-19 илдетинин жайылып кетишинин алдын алуу чараларын көрүү максатында,  Бишкек шаарында иштеп, жашап жаткан айылдык аймактын ички мигранттары  учурда үй-бүлө курамы менен жумушсуз отургандыгын эске алып,

“Көк-Таш Ата коомуна” материалдык колдоо көрсөтүү максатында, Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Бишкек шаарында иштеп, жашап жаткан Көк-Таш айылдык аймагынын ички мигранттарынын COVID-19 илдетинин учурундагы муктаждыктарын эске алып, материалдык колдоо көрсөтүү максатында, “Көк-Таш Ата коомунун” атайын эсебине жергиликтүү бюджеттен 200 000 (эки жүз миң) сом каражат ажыратылсын.

2.Каражатты ажыратып которуп берүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго жана ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш  айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Жакыев