Редакцияот 22.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

 

2020-жылдын 22-июлу № 1

Сел кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү чараларын көрүү жөнүндө

2020-жылдын 13-июль күнү болгон нөшөрлүү жаандан улам Беш-Таш –Кочкор-Ата жолун бузуп кеткен сел кесепеттерин жоюу жөнүндөгү маселени талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ала-Бука райондук бөлүмүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы  корутундусунун негизинде,  Көк-Таш  айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2020-жылдын 13-июль күнү болгон нөшөрлүү жаандан улам Беш-Таш –Кочкор-Ата жолун бузуп кеткен сел кесепеттерин жоюп, жолду калыбына келтирип, тоодо калып кеткен 11 автоунааны жана малчыларды коопсуз жайга көчүрүү үчүн, жергиликтүү бюджеттен 400 000 ( төрт жүз миң) сом каражат ажыратууга макулдук берилсин.

2.Ажыратылган каражатты максаттуу пайдалануу жана сел кесепеттерин жоюу чараларын көрүү Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго милдеттендирилсин.

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш  айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Жакыев