Редакцияот 28.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясы

 

2020-жылдын 28-январы № 1

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына каражат кароо жөнүндө

Көк-Таш айылдык Кеңешинин токтомдорун Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялап туруу үчүн, каражат кароо жөнүндөгү Көк-Таш айылдык Кеңешинин төрагасы Н.Жакыевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Көк-Таш айылдык Кеңешинин токтомдорун Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялап туруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 24 000 ( жыйырма төрт миң) сом каражат кароого макулдук берилсин.

2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш  айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Р.Рысдавлетовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н. Жакыев