Редакцияот 28.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясы

 

2020-жылдын 28-январы № 3

Көк-Таш айылдык аймагындагы шайлоо участкаларына сунушталган шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө

Көк-Таш айылдык аймагындагы шайлоо участкаларына түзүлгөн шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндөгү Көк-Таш айылдык Кеңешинин төрагасы Н.Жакыевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Көк-Таш айылдык аймагындагы №2288 Көк-Таш, №2366 Булак-Башы, №2367 Чоң-Сай шайлоо участкаларында түзүлгөн шайлоо комиссияларынын курамын бекитүүгө макулдук берилсин.

2. Көк-Таш айылдык аймагындагы №2288 Көк-Таш, №2366 Булак-Башы, №2367 Чоң-Сай шайлоо участкаларында түзүлгөн шайлоо комиссияларынын курамын бекитип берүү жагы Ала-Бука АШКдан суралсын.

 

Төрага

Н. Жакыев