Редакцияот 26.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги III сессиясы

 

2020-жылдын 26-марты № 2

Каражат ажыратуу жөнүндө

Санитардык тазалоо, таштандыларды чыгаруу жана көчө жарыктандырууларына чырак орнотуу боюнча “Көк-Таш тазалык” МИнин директору Б.Нышановдун маалымат-билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Санитардык тазалоо, таштандыларды чыгаруу жана көчө жарыктандырууларына чырак орнотуу үчүн “Көк-Таш тазалык” МИге жергиликтүү бюджеттен 871716 (сегиз жүз жетимиш бир миң жети жүз он алты) сом каражат ажыратууга макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н. Жакыев