Редакцияот 05.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көтөрмө айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын ХХVIII сессиясы

 

2020-жылдын 5-июну № 31/2

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 28-майындагы № 01-25/119 катынын негизинде айылдык кенештин жооптуу катчысынын 1 штаттык кызмат ордун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 28-майындагы № 01-25/119 катынын негизинде айылдык кенештин жооптуу катчысынын 1 штаттык кызмат ордун бекитүү максатында                    

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун негизинде, калкы 6001 ден жогору болгондуктан Көтөрмө айылдык кеңешине жооптуу катчынын  1 штаттык кызмат орду жана анын айлык акысы бекитилсин.

2. Штаттык бирдик боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана аткаруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Айтмат уулу Акжол