Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кенештин VI чакырылышынын кезексиз ХXXVII сессиясы
2019-жылдын 30-сентябры № 33
Суу-Башы өкмөтүнүн Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосундагы типтүү келишимин бекитип берүү жөнүндө
Суу-Башы өкмөтүнүн Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосундагы типтүү келишимин бекитип берүү жөнүндө Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Сыдыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосундагы типтүү келишими бекитилсин.
2.Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан өткөрүлүп берилүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн айыл өкмөтүнүн штаттык тизмесинен бир штат бирдиги башкы адис бөлүнсүн.
3.Өткөрүлүп берилүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга кеткен чыгымдар республикалык бюджеттен бөлүнүүчү трансфертердин эсебинен каржылана тургандыгы белгиленсин
Төрага |
Р. Артыкбаев |