Редакцияот 17.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Зергер айылдык кеңешинин (6 -чакырылыштагы) кезектеги 25-сессиясы

 

2020-жылдын 17-июлу № 95

Токтогул айылынан Аралат,Развилка участкаларына тартылган жогорку чыналуудагы элекр мамычаларын башка коопсуз жайга которуу жөнүндө

Зергер айылдык кенешинин кезектеги 25-сессиясы Токтогул айылынан Аралат,Развилка участкаларына тартылган жогорку чыналуудагы элекр мамычаларын башка коопсуз жайга которуу жөнүндө маселени  угуп талкуулап чыгып

токтом кылат:

1.Токтогул айылындагы элдин эшик алдын аралап Аралат,Развилка участкаларына тартылган жогорку чыналуудагы элекр мамычаларын башка коопсуз Жаны-Абад участкасынан кеткен ички  жол бою  менен жайгаштырып тартууга макулдук берилсин.

2.Айыл өкмөтүнө которула турган мамычаларга жер ажыратып берүү жагы милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн

 

Төрага

С. Кулушов