Загрузка документа…
АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алля Анаров айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 17- сессиясы
2019-жылдын 25-апрели № 3
Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу М.Мадрахим көчөсүнүн тургуну Шерматова Нилуфар Расулжановнанын арызын карап чыгуу жөнүндө
Алля Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары М.Мадрахим көчөсүнүн тургуну Шерматова Нилуфар Расулжановнаны арызын карап чыгып, талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу М.Мадрахим көчөсүнүн тургуну Шерматова Нилуфар Расулжановна 1- группа инвалид болгондугуна байланыштуу, Бишкек шаарына даарылануу үчүн 10 миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен материалдык жардам берүү үчүн ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун финансылык жагын чечүү айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Онун башчысы М.Кадыровго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө М.Мадрахим көчөсүнүн айыл башчысына жана депутаттарына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Худайбердиев |