Редакцияот 25.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алля Анаров айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 17- сессиясы

 

2019-жылдын 25-апрели № 6

Алля Анаров айыл өкмөтүнүн Жаны-Араван айылына караштуу 20 кожолуктан турган ички аты жок көчөгө ат коюу жөнүндө

Алля Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары Жаңы-Араван айылынын тургундарынын 2019-жылдын 6 март айындагы жалпы чогулушунун протоколун карап чыгып, талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Алля Анаров айыл өкмөтүнүн Жаны-Араван айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Жаны-Араван айылына караштуу 20 кожолуктан турган ички аты жок көчөгө ошол көчөнүн тургуну Артыков Жусуп ысмы коюлсун.

2.Көчөнүн атын жаздыруу, үйлөргө сандарды койдуруу, көчөнүн санитардык абалын эрежеге ылайык талаптагыдай абалда болуусун камсыз кылуу милдети Жаңы-Араван айылынын айыл башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

Р. Худайбердиев