Загрузка документа…
АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алля Анаров айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 22- сессиясы
2019-жылдын 15-октябры № 5
Алля Анаров айыл өкмөтүнүн А.Юлдашев көчөсүнүн тургуну Ташматов Кадирбек Абдиловичтин 2019-жылдын 14-октябрь айындагы жазган арызын карап чыгуу жөнүндө
А.Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Алля Анаров айыл өкмөтүнүн А.Юлдашев көчөсүнүн тургуну Ташматов Кадирбек Абдилович, айыл өкмөтүнүн Ош-3000 көчөсүнүн борбор жагына өз эсебинен жер асты өткөөлүн курууга уруксат сурап жазган арызы канаттандырылсын.
Айыл өкмөтүнүн Ош-3000 көчөсүнүн борбор жагына жер асты өткөөлүн курууга тийиштүү документтерди даярдоо жагы арыз ээсине жүктөлсүн.
Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Октамовго жүктөлсүн.
Төрага | Р. Худайбердиев |