Редакцияот 24.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

 

2020-жылдын 24-июлу № 55

Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

Кара-Бак айылынын тургуну Сапаров Бектурсун Сатыбалдыевич өз арызынын негизинде  Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 27.08.2002-жылы №8-1142 сандуу токтому менен турак жай куруу үчүн берилген 1063м2 жер аянтынан жана 26.06.2002-жылы №6-93 сандуу токтому менен берилген 1500м2 жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

Токтом кылат

1. Сапаров Бектурсун Сатыбалдыевич Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 27.08.2002-жылы № 8-1142 сандуу токтому менен турак жай куруу үчүн берилген 1063м2 жер аянтын жана 26.06.2002-жылы №6-93 сандуу токтому менен берилген 1500м2 жер аянты Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Кенештин төрагасы:

А.Айдаров