Редакцияот 09.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2020-жылдын 9-июну № 48

Кара-Бак айыл аймагынын КААБнун ревизорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө

Кара-Бак айыл аймагынын КААБнун төрагасы А.Бааназаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл аймагынын КААБнун мыйзамына ылайык 4-статья 18-беренесинин негизинде КААБнун ревизоруга Кара-Бак айылынын тургуну Дүйшеев Султан Буркановичти дайындоого макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.

 

Кенештин төрагасы:

А.Айдаров