Редакцияот 22.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XХIX-сессиясы

 

2020-жылдын 22-сентябры № 30

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жыл ичинде аткарган иштери жана 2020-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, жайыт акысын бекитүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жыл ичинде аткарган иштери жана 2020-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, иш-планын, жайыт акы жана инвестициялык планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы           

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылда аткарган иштери канаатандыраарлык жана 2020-жылга карата түзүлгөн жылдык планы 169400 (бир жүз алтымыш тогуз миң төрт жүз ) сомго жана иш-планы бекитилсин. 

2. Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2020-жылга карата жайыт акыларынын тарифи уйга 100сом, музоого 70сом, жылкыга 120сом, кой-эчкиге 20 сом, дары-чөптөрдү чогултууга 0,01га 50сомго, кургак отунду пайдалануу үчүн 1м3-400сомго, жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу келишимдин негизинде 0,01га-25 сомго бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер   боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.   

 

Төрага

М.Султанов