Редакцияот 04.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-чакырылыш кезектеги жыйырма биринчи сессиясы

 

2019-жылдын 04-июлу № 117

Марказ айыл Өкмөтүнүн аймагындагы «Келечек-1, Мээрим-2 жана Байчечекей балдар бакчасынын эмгек жамааттарына жазгы эмгек эргүүсүнө чыгаруу жөнүндө

Марказ айыл Өкмөтүнүн аймагынын «Келечек-1, Мээрим-2 жана Байчечекей балдар бакчасынын директорлорунун жазган билдирүүлөрүн карап чыгып мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин эмгек жамааттарына эки айга эмгек эргүүсүнө чыгаруу жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАМЫН:

1. Марказ айыл аймагында жайгашкан «Келечек-1», «Мээрим-2» жана Байчечекей балдар бакчасынын эмгек жамааттары эки айга эмгек эргүүсүнө чыгарылсын.

2. Эки айлык тамак-ашка бөлүнгөн акча каражатын көзөмөлгө алуу айыл Өкмөтүнүн чыгашалар боюнча бухгалтери Б.Кочкоровко жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы- экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Марказ айыл аймагынын

айылдык Кеңешинин төрагасы:

 

М. Шамшиев