Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-чакырылыш кезектеги жыйырма биринчи сессиясы
2019-жылдын 04-июлу № 124
Марказ айыл Өкмөтүнүн бюджетинин өзгөзтүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Марказ айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Исировдун 2020-2021-2022-жыл бюджети жөнүндөгү жана үч жылдык болжолдуу планга карата ашыкча түшкөн каражаттарды максималдуу бөлүштүрүү жөнүндөгү билдирүүсүн карап талкуулап чыгып Марказ айыл аймагынын айыл Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл Өкмөтүнун финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Исировдун Марказ айыл Өкмөтүнүн бюджети жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын. Марказ айыл Өкмөтүнүн 2020-2021-2022-жылдардагы кирешелердин жана чыгашалардын долбоору жактырылсын.
2. Марказ айыл Өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетине киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилсин. (тиркеме тиркелет).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл Кеңешинин бюджет экономика жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
М. Шамшиев |