МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-чакырылыш кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2019-жылдын 15-ноябры № 127
Марказ айыл Өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Марказ айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Исировдун 2019-жыл бюджети жөнүндөгү жана бир жылдык планга карата ашыкча түшкөн каражаттарды максималдуу бөлүштүрүү жөнүндөгү билдирүүсүн карап талкуулап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Исировдун Марказ айыл Өкмөтүнүн бюджети жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын. Марказ айыл Өкмөтүнүн 2019-жылга кирешелердин жана чыгашалардын долбоору жактырылсын.
2. Марказ айыл Өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетине кирешелердин жана чыгашалардын бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл Кеңешинин бюджет экономика жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
М. Шамшиев |