МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-чакырылыш кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2019-жылдын 15-ноябры № 129
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү Типтүү келишимди бекитип берүү жөнүндө
Марказ айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Тургуновтун «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү келишимди бекитип берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары Б.Калмуратовдун 06.08.2019-жыл №11-34325сандуу тапшырмасын аткаруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Марказ айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү келишим бекитилсин.
2. Марказ айыл Өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ушул бекитилген Типтүү келишимге негиз жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы марказ айыл Өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
М. Шамшиев |