Редакцияот 26.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кулжа айылдык Кенешинин кезектүү жыйырма төртүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

 

 

2020-жылдын 26-ноябры № 24/2

Кара-Кулжа айылындагы Токтогул Сатылганов атындагы чолок көчөсү (переулок) Осмонов Азимбайдын турак үйүнөн, Ибраимов Замирдин  турак үйүнө чейин туурасы 6 метр узуну 770 метр автоунаа жолду белгилеп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин, 5- «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү» бөлүмчөсүнө ылайык, Кара-Кулжа айылындагы Токтогул атындагы көчөнүн тургуну Алиев Тилек баштаган 5- тургундардын  “Көчөбүздү А.Каратаев, Б.Оморов, А.Абдыраев, Ж.Нажиевдер сарай куруп тосуп алган, көчөбүздү ачып берүүнү суранабыз. Кара-Кулжа айылындагы чолок көчө (переулок) Токтогул көчөсу Осмонов Азимбайдын турак үйүнөн, Ибраимов Замирдин турак үйүнө чейин туурасы 6 метр узуну 770 метр автоунаа жолго чечим чыгарып берүү жөнүндөгү” жазуу арызын карагандыгы жөнүндөгү айылдык кенештин депутаттарынын 28.08.2020-жылдагы кошмо жыйынынын № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кара-Кулжа айылындагы Токтогул Сатылганов атындагы чолок көчөсүнүн (переулок) Осмонов Азимбайдын турак үйүнөн, Ибраимов Замирдин турак үйүнө чейин туурасы 6 метр узуну 770 метр автоунаа жол белгиленсин.

2.Кара-Кулжа айылындагы Токтогул Сатылганов атындагы чолок көчөсүн (переулок) айылдын генералдык планына толуктоо киргизүү, каттоо жагы райондук шаар куруу жана архитектура башкармачылыгынан жана Кыргыз шаар курулушу илимий-изилдөө жана долбоорлоо институтунан суралсын.

3.Автоунаа жолду курулуштар менен тосуп алган айыл тургундарга Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндөгү” кодексинин талаптарына ылайык,  ищ алып баруу айыл өкмөтүнүн алдындагы Бузуулар комиссиясына милдеттендирилсин.

4.Кара-Кулжа айылдык кенешинин курулуш, транспорт, оноржай, соода, ишкердуулук, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Бекенов Таалайбекке жүктөлсүн.

 

Кара-Кулжа айылдык

кенешинин төрагасы:

 

Б.Саипов