Редакцияот 18.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы

 

2021-жылдын 18-февралы № 4

Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын 2018-жылдын 18-апрелиндеги №88 токтомуна өзгортүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ичүүчү суу жөнүндөгү мыйзамына өзгөтүүлөрдү  киргизүү тууралуу 2009-жылдын 29-июнундагы №240 мыйзамынын 21 беренесинин 2 болугүнун, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-июнундагы № 445 токтому менен бекитилген мамлекеттик башкаруучу чарбакер субьектеринин  товарларына жумуштарына көрсөтүлүүчү кызматтарына бааларды (тарифтерди) аныктоону тартиби жөнүндөгү жобонун негизинде Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Самаркандек айыл өкмөтунун айылдарындагы ичүүчү таза сууга акы төлөө  баалары (тарифи) төмөнкүдөй болуп бекитилсин:

1.1. Ар бир кожолуктун жан башына бир айга 10 (он) сом.

1.2. Комерциялык ишканалар бир айга 300 (үч жүз) сом

1.3. Жеке суу чыгарылган турак үйлөргө бир айга 150 (бир жүз элүү) сом.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин  социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Самаркандек айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

М. Тулаев