Редакцияот 18.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы

 

2021-жылдын 18-февралы № 9

Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Шоола ” балдар бакчасынын менчик формасын өзгөртүү жөнундө

Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Шоола” балдар бакчасынын директору З. Юлдашеванын билдирүүсун угуп жана талкуулап Самаркандек айылдык  Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Самаркандек айыл өкмотунүн муниципиалдык менчигинде турган Жаңы-Бак айылындагы “Шоола” балдар бакчасы Республикалык бюджеттен каржылоого  өткөндүгүнө байланыштуу менчигинин формасы мамлекеттик болуп өзгөртүлсүн.

2. Тийиштүү документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөө жагы айылдык Кеңшинин төрагасынын орун басары А.Гапаровго жүктөлсүн .

 

Самаркандек айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

М. Тулаев