САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
2021-жылдын 14-майы № 14
Самаркандек айыл өкмөтүнүн мунициалдык менчикте турган жер аянттарына аукцион, конкурс менен менчик же ижара укугун берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Самаркандек айылдык Кеңешинин Самаркандек айылдык Кеңешинин Vчакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер аянттарына тиешелүү документтерин мамлекеттик каттоодон кийин айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссиянын негизинде гана аукцион, конкурс менен менчик же ижара укугун берүүгө макулдук берилсин .
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдоө жагы агрардык маселелер боюнча (траспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын .
Төрага | М. Тулаев |