Редакцияот 27.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 27-апрели № 27-42/3

Каракол шаарындагы А.П.Гайдар атындагы китепкананын имараты тарыхый-маданий мурастардын обьектеринин реестринен чыгаруу жѳнʏндѳ

Каракол шаарынын мэринин м.а. Э. Джумаевдин, Каракол шаарындагы А.П.Гайдар атындагы китепкананын имаратын тарыхый-маданий мурастардын обьектеринин реестринен чыгаруу жѳнʏндѳгʏ, 2021-жылдын 12-мартындагы, кир:№01-7/97 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин XXVII чакырылышынын  XXXXII сессиясы,

токтом кылат:

1. Каракол шаардык Кенешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы, №27-26/10 токтому менен бекитилген, тарыхый-маданий мурастардын обьектеринин реестринен, Каракол шаарынын Токтогул атындагы кѳчѳсʏ, №88 даректе жайгашкан, А.П.Гайдар атындагы китепкананын имараты чыгарылсын.

2. Каракол шаардык мэриясына, жаңы социалдык обьект куруу ʏчʏн, А.П.Гайдар атындагы, авариялык абалдагы китепкананын имаратын бузууга, уруксаат берилсин.

3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Токтом ММКларда жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.

 

Төрага

Э.А. Айсаракунов