КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-апрели № 27-42/4
Каракол шаарындагы мурунку Пионерлер ʏйʏнʏн имаратын тарыхый-маданий мурастардын обьектеринин реестринен чыгаруу жѳнʏндѳ
У.Чолпонбаев атындагы коомдук фонддун тѳрайымынын, Каракол шаарындагы А.С.Пушкин атындагы парктын аймагындагы мурдагы Пионерлер ʏйʏн тарыхый-маданий мурастардын обьектеринин реестринен чыгаруу жѳнʏндѳгʏ, 2021-жылдын 22-январындагы, кир:№01-7/12 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXXII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаардык Кенешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы, №27-26/10 токтому менен бекитилген, тарыхый-маданий мурастардын обьектеринин реестринен, Каракол шаарынын А.С. Пушкин атындагы парктын аймагындагы мурдагы Пионерлер ʏйʏнʏн имараты чыгарылсын.
2. Каракол шаардык мэриясына, жаңы социалдык обьект куруу ʏчʏн, А.С.Пушкин атындагы парктын аймагындагы мурдагы Пионерлер ʏйʏн бузууга, уруксаат берилсин.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |