КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-апрели № 27-42/6
Суунун пайдалануу жана саркынды сууларды кабыл алуу ʏчʏн тарифтерди кѳтѳрʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.Ɵскѳнбаевдин, 2021-жылдын 31-мартындагы, кир: №01-7/107 катын карап жана талкуулап, кʏйʏʏчʏ майлоочу майлардын кымбаттагандыгына байланыштуу, Каракол шаардык Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXXII сессиясы,
токтом кылат:
1. Тѳмѳндѳгʏ тарифтер, 2021-жылдын 1-майынан тартып бекитилсин:
- сууну пайдаланууга:
а) калк ʏчʏн: бир адамдан, айына, 1м3 ʏчʏн -5,86 сом ѳлчѳмʏндѳ;
башка керектѳѳчʏлѳр ʏчʏн: 1м3 ʏчʏн- айына 19,46 сом ѳлчѳмʏндѳ:
- канализацияга:
б) калк ʏчʏн: бир адамдан, айына 1м3 ʏчʏн-2,94 сом ѳлчѳмʏндѳ; башка керектѳѳчʏлѳр ʏчʏн: 1м3 ʏчʏн- айына 15,86 сом ѳлчѳмʏндѳ:
2. Каракол шаардык депутаттар Кенешинин, 2012-жылдын 24-декабрындагы, №26-8/5 «Суу тʏтʏк» МИсинин сууну пайдаланууга жана саркынды сууларды кабыл алууга тарифтерин бекитʏʏ жѳнʏндѳгʏ» токтому жокко чыгарылсын.
3. «Суу тʏтʏк» МИсинин администрациясы, калк менен тʏшʏндʏрʏʏ иштерин, массалык маалымат каражаттары аркылуу жʏргʏзсʏн, калктан жана шаардын чарба жʏргʏзʏʏчʏ субьекттеринен суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды кабыл алуу боюнча кѳрсѳткѳн кызматтары ʏчʏн, каражаттардын толук жыйналышын камсыз кылсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ унаа, жолдор, турак жай, энергетика, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |