КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-апрели № 27-42/8
Каракол шаарына жемиш паркын уюштуруу жана жайгаштыруу ʏчʏн жер тилкесин бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаардык Кенешинин тѳрагасы Э.А.Айсаракуновдун Германия элчилигинин (ФРГ) долбоору боюнча, Каракол шаарында жемиш паркын уюштуруу жана жайгаштыруу ʏчʏн жер тилкесин бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳгʏ сунушун, маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXXII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясы жана «Жашылдандыруу чарбасы» МИси Каракол шаарына демонстративдик (кѳрсѳтмѳлʏʏ) жемиш паркын уюштуруу жана жайгаштыруу ʏчʏн жер тилкесин бѳлʏп берип, «Жашылдандыруу чарбасы» МИси менен мѳѳнѳтсʏз пайдалануу келишимин тʏзсʏн.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |