Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 10-марты № 27-41/21

Ж-2Б зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине ѳзгѳртʏʏнʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ

Каракол шаарынын тургуну, К.Сʏйʏмбаевдин Ж-2Б зонасындагы жер тилкесин башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2021-жылдын 25-февралындагы, кир:№01-9/8 катын карап жана талкуулап,  Каракол шаардык Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXXI сессиясы,

токтом кылат:

1. Ж-2Б ( майда жана ири мʏйʏздʏʏ ʏй жаныбарларын кармоого уруксааты бар, жеке менчик турак жай зонасы) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине тѳмѳнкʏдѳй ѳзгѳртʏʏ киргизилсин: Каракол шаарындагы, И.Кʏчʏков, н/ж дарегинде жайгашкан, аянты 500,0 м2, жер тилкеси, Ж-5 (кѳп кабаттуу турак жай салуу зонасы) зонасына которулсун.

2. Каракол шаардык регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:

- Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине кѳрсѳтʏлгѳн ѳзгѳртʏʏнʏ киргизсин;

-бул токтомдо, кѳрсѳтʏлгѳн обьектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюуусуз аткаруусун камсыз кылсын.

3. О.К.Сʏйʏмбаев, Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш  ченемдерин жана Эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын.

4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5. Токтом ММКларда жарыялансын.

6. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.

 

Төрага

Э.А. Айсаракунов