КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-марты № 27-41/20
№11 мектеп-гимназиясына Ж.Каниметовдун атын берүү жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын вице-мэри Г.Ж.Орозованын, 2021-жылдын 01-мартындагы, кир:№01-7/90 кайрылуу катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXXI сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын №11 мектеп-гимназиясына Жангороз Каниметовдун атын берʏʏгѳ макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын билим берʏʏ жана илим министрлигине жиберилсин.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |