Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 10-марты № 27-41/11

П-1 зонасында уруксат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине ѳзгѳртʏʏнʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ

Каракол шаарынын мэринин м.а. Э. Джумаевдин, П-1 зонасындагы жер тилкесин башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2020-жылдын 21-декабрындагы, кир:№01-7/320 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVII чакырылышынын  XXXXI сессиясы,

токтом кылат:

1. П-1 (ѳнѳр жай ишканалардын зонасы) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине тѳмѳнкʏдѳй ѳзгѳртʏʏ киргизилсин: Каракол шаарындагы, Кирпичный завод кѳчѳсʏ, №3/2 дарегинде жайгашкан, аянты 4877,0 м2, жер тилкеси, Ж-4 (тʏрдʏʏ кабаттуу турак жай курулуштар зонасы) зонасына которулсун.

2. Каракол шаардык регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:

- Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине кѳрсѳтʏлгѳн ѳзгѳртʏʏнʏ киргизсин;

-бул токтомдо, кѳрсѳтʏлгѳн обьектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюуусуз аткаруусун камсыз кылсын.

3. К.Муратбеков, Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш  ченемдерин жана  Эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын.

4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5. Токтом ММКларда жарыялансын.

6.Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (К.Калмакиев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.

 

Төрага

Э.А. Айсаракунов