КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-марты № 27-41/10
Ж-2А зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине ѳзгѳртʏʏнʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэринин м.а. Э. Джумаевдин, Ж-2А зонасындагы жер тилкесин башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2020-жылдын 21-декабрындагы, кир:№01-7/320 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXXI сессиясы,
токтом кылат:
1. Ж-2А (пайдалануунун тʏрлѳрʏ чектелген, индивидуалдуу ʏйлѳрдʏ куруу жана майда мʏйʏздʏʏ малды кармоого уруксаат берилген зона) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине тѳмѳнкʏдѳй ѳзгѳртʏʏ киргизилсин: Каракол шаарындагы, Кутманалиев кѳчѳсʏ, №154, дарегинде жайгашкан, аянты 600,0 м2, жер тилкеси, Ц-1 (шаардын борборунун коомдук, иштиктʏʏ жана коммерциялык активдʏʏлʏк зонасы) зонасына которулсун.
2. Каракол шаардык регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
- Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине кѳрсѳтʏлгѳн ѳзгѳртʏʏнʏ киргизсин;
-бул токтомдо, кѳрсѳтʏлгѳн обьектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюуусуз аткаруусун камсыз кылсын.
3. Н.У.Аширматова, Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш ченемдерин жана Эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |