КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-марты № 27-41/1
Каракол шаарынын мэринин м.а. 2020-жылда, Каракол шаарынын социалдык-экономикалык ѳнʏгʏʏсʏ боюнча отчету жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэринин м.а. Э.Джумаевдин 2021-жылдын 22-январындагы чыг:№1-16/111, Каракол шаарынын социалдык-экономикалык ѳнʏгʏʏсʏ боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Каракол шаарык Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXXI сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэринин м.а. Э.Джумаевдин, 2020-жылда, Каракол шаарынын социалдык-экономикалык ѳнʏгʏʏсʏ боюнча отчету канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Каракол шаарынын мэриясы, 2021-жылда, белгиленген кемчиликтерди жоюу жана айтылган сунуштарды ишке ашыруу боюнча иштерди жʏргʏзсʏн.
3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ, экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар жана ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэринин м.а. Э.Джумаевге жʏктѳлсʏн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |