Редакцияот 14.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы

 

2021-жылдын 14-майы № 19

Самаркандек айыл аймагынын айыл өкмөтүнун Орто-Сай участкасына айыл статусун алуу жөнүндө

Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гапаровдун билдирүүсүн , 2021- жылдын 14-апрелиндеги жергиликтүү тургундар менен болгон чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап Самаркандек айылдык Кеңешинин Vчакырылышынын кезектеги ХV сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Самаркандек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Самарканедек айылынын Орто- Сай участкасынын тургундарынын чогулушунун айыл статусун алуу жөнүндөгү протоколунун чечими Баткен райондук администрациясына сунушталсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук укук тартибин чындоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Төрага

М. Тулаев