Редакцияот 14.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы

 

2021-жылдын 14-майы № 22

Самаркандек айыл аймагында аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жөнүндө

Самаркандек айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси К.Масалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Самаркандек айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Самаркандек айыл аймагынын айыл өкмөтүндө мыйзам чегинде аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жергиликтүү бюджеттен 350 000 (үч жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика – финансы бюджет, ишкердикти жана тышкы экономикалык байланыш, муниципиалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Тулаев