Редакцияот 30.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын __-сессиясы

 

2021-жылдын 30-марты № 278

“Хельвитас Кыргызстан чет өлкөлүк уюму тарабынан бериле турган акча каражатын 2021-жылга бекитилген бюджеттен жергиликтүү бюджеттин чыгымдоолоруна кошумча бекитипберүү жөнүндө”

“Муниципалитеттер аралык кызмат көрсөтүү” боюнча долбоордун алкагында “Хельвитас Кыргызстан” чет өлкөлүк уюму тарабынан Дараметти жогорулатуучу грант катары бериле турган 78300 сомду туура пайдалануу максатында айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат.

 

1. “Муниципалитеттер аралык кызмат көрсөтүү” боюнча долбоордун алкагында “Хельвитас Кыргызстан” чет өлкөлүк уюму тарабынан Дараметти жогорулатуучу грант катары бериле турган 78300 (жетимиш сегиз мин үч жүз) сом акча каражатын жергиликтүү денгээлде ар кандай иш чараларды өткөрүүгө, кызматтарды сатып алууга жумшалсын.

2. Райондун финансы башкармалыгынын “Хельвитас Кыргызстан” чет өлкөлүк уюму тарабынан бериле турган 78300 (жетимиш сегиз мин үч жүз) сом акча каражатын 2021-жылга бекитилген айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгымдар бөлүгүнө кошумча бекитип берүүсү суралсын.

3. Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шамыркановго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Казыбековго жогоруда көрсөтүлгөн 78300 (жетимиш сегиз мин үч жүз) сом акча каражатын сессиянын токтомунда көрсөтүлгөн максаттарга чыгымдоо жагы милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Сулайымбековго жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шамыркановго тапшырылсын.

 

Төрага

Р. Байдөлөтов