КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын __-сессиясы
2021-жылдын 30-марты № 274
“Кызыл-Суу-Жарык” муниципалдык ишканасынын балансасында убактылуу турган “ЛЭД” экранды ижарага берүү жөнүндө
Жети-Өгүз районунда, айыл аймактарда өтүүчү саясий, маданий, спорттук, мааракелик жана башка ушул сыяктуу көп сандагы жарандар катышкан массалык иш чараларды заманбап техникалык аппаратураны колдоону менен, жогорку денгээлде өткөрүү максатында райондук мамлекеттик администрациясынын карамагындагы “ЛЭД” экранды, убактылуу “Кызыл-Суу-Жарык” муниципалдык ишканасынын балансасына берилгендиктен эки тараптуу келишимдин негизинде ЛЭД экранды аппаратураны он абалда сактап тиешелүү кошумча жабдуулар менен саясий, маданий, спорттук мааракелик иш чаралар өтүүчү жерге ташып барып, кайра алып келүүгө, аны орнотууга, бузулганын убагында ондоп турууга кеткен чыгымдары үчүн буйуртма берген тараптардан акы алууга, анын эсебинен жумушчуларынын эмгек акысын төлөө максатында токтом кылат.
1. Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын карамагындагы “ЛЭД” экранды, убактылуу “Кызыл-Суу-Жарык” муниципалдык ишканасынын балансасына эки тараптуу келишимдин негизинде берилгендиги эске алынсын (келишим тиркелет).
2. “Кызыл-Суу-Жарык” муниципалдык ишканасынын балансасында убактылуу турган “ЛЭД” экранды аппаратураны он абалда сактап тиешелүү кошумча жабдуулар менен саясий, маданий, спорттук мааракелик иш чаралар өтүүчү жерге ташып барып, кайра алып келүүгө, аны орнотууга, ишканага тиешелүү транспорт жүктөгүч каражаттарын пайдаланууга, бузулганын убагында ондоп турууга кеткен чыгымдары, жумушчуларынын эмгек акысын төлөө үчүн райондун ичинде кайрылган жактарга менчигинин түрүнө карабастан 20000 (жыйырма мин) сом, ал эми райондон сырткары берилсе 60000 (алтымыш мин) сом өлчөмүндө ижарага берилсин.
3. “Кызыл-Суу-Жарык” муниципалдык ишканасынын балансасында убактылуу турган “ЛЭД” экранды райондук мамлекеттик администрациясы өткөргөн иш-чараларга бекер берилээри эске алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шамыркановго тапшырылсын.
Төрага | Р. Байдөлөтов |