КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын XVIII-сессиясы
2020-жылдын 14-октябры № 226
“Кызыл-Суу айыл аймагында таштанды чыгаруучу турак жай субсидиясын бөлүп берүү жөнүндө”
Жергиликтүү бюджет жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү долбоорлорду ишке ашыруусун жөнгө салууга жергиликтүү ченемдик-укуктук актыларга ылайык, “Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун негизинде, муниципалиттер аралык кызматташуунун алкагында “Кызыл-Суу, Даркан, Саруу, Оргочор жана Светлая Поляна айыл аймактарынан катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу” кызматын жакшыртууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен, таштанды чыгаруу кызматынын төлөмдөрүнүн 2541 адам же 15% турак жай” субсидиясы катары төлөп берүү маселени карап жана талкуулап алып, Кызыл-Суу айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат.
1. “Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун негизинде, муниципалиттер аралык кызматташуунун алкагында “Кызыл-Суу, Даркан, Саруу, Оргочор жана Светлая Поляна айыл аймактарынан катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу” кызматынын төлөмдөрүнүн 2541 адам же 15% турак жай” субсидиясы катары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Кызыл-Суу айыл аймагынын 2021-жылга карата түзүлгөн жергиликтүү бюджетине “катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу” кызматынын төлөмдөрүнүн 2541 адам же 15% турак жай” субсидиясы катары төлөп берүү киргизилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шамыркановго милдеттендирилсин.
Аыйлдык кенешинин төрагасы | Р. Байдөлөтов |