ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезектеги 38-сессиясы
2021-жылдын 16-марты № 16
“Октябрь айылындагы Маман-Органик айыл чарба коммерциалык кооперативинин арызын кароо жөнүндө”
Октябрь айылындагы Маман-Органик айыл чарба коммерциалык кооперативинин кайрылуусун карап жана айылдык Кенештин депутаттары карап чыгып Октябрь айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Октябрь айылындагы Маман-Органик айыл чарба коммерциалык кооперативинин арызы канагатандырылсын.
2. Октябрь (Маман) айылындагы №136 контурдан берилген жер тилкелеринин ээлеринин ѳз макулдугу менен башка контурга отургузуу жагы жер комиссиясына тапшырылсын.
3. Октябрь (Маман) айылындагы №136 контурунда жайгашкан 2,2 га жер тилкеси кѳп жылдык мѳѳнѳткѳ 50(элүү) жылга ижарага берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Р. Токомбаев |