ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 30-марты № 8
2021-жылы мал багуу жана жайыт акыларын бекитүү жөнүндө
Теплоключенка айыл аймагынын 2021-жылдын 9-февраль күнү жалпы элдик жыйынынын чечимин карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Теплоключенка айыл аймагында 2021-жылга мал багуу жана жайыт акылары төмөндөгүдөй бекитилсин:
| Жайыт пайдалануучулар үчүн мал төлөмдөрү |
Жайыт пайдалануучу мал төлөмдөрү (малдын бир башына) | бодо мал-100 сом жылкы -100 сом кой/эчки 20 сом |
Айыл аймагынын жакынкы жайыттарга мал жаюу:
- март, апрель жана майдын 20-числосуна чейин;
- күзгү мезгилинде: 20-сентябрынан октябрь, ноябрь айлары.
Лесхоздун жайыттарына мал жаюу: 20-майынан тартып 20-сентябрына чейин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Темиров |