Редакцияот 30.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2021-жылдын 30-марты № 6

“Заря” айыл чарба өндүрүш кооперативи пайдаланган айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин бөлүштүрүү жөнүндө

2021-жылдын 26-февралындагы айыл өкмөтү менен жер комиссиянын бирдиктүү отурумунун протоколун карап, талкууга алып, айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. 2021-жылдын 26-февралындагы айыл өкмөтү менен жер комиссиянын бирдиктүү отурумунун протоколу менен кабыл алынган чечимине ылайык “Заря” айыл чарба өндүрүш кооперативине 182 гектар берилсин, анын ичинде 82.8 гектар 1-2-категорияда, богара 40 гектар, пайдаланылбай калган жерлерден 60 гектар.

2. Келишим 5 жылдык мөөнөткө түзүлүп, ижара акысы 2021-жылы конкурста берилген жерлердин ижара акыларынын орто баасы чыгарылып, “Заря” айыл чарба өндүрүш кооперативине коюлуп берилсин.

3. 10 гектар жер “Ак-Суу Органик” үрөнчүлүк товардык-сервистик айыл чарба кооперативине берилсин.

4. Калган 71.3 гектар жер конкурска коюлсун.

5. Токтом айыл өкмөтүнун сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Төрага

Э.А. Темиров