ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын 31-сессиясы
2021-жылдын 16-марты № 4
2021-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агентиги тарабынан каржыланган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунан түшкөн акча каражатты атайын каражытынын 1441 статьясынын “Учурдагы жардам” 14 411 100 элементине кириштелсин:
1. Теплоключенка айыл аймагынын атайын каражатына түшүүчү 5,0 млн сом акча каражаты чыгымдар боюнча сметага ылайык чыгымдоо менен бекитилсин.
2. Айыл аймагынын атайын каражатынын акча каражатынын чыгымдалышын толук аткарууга багытталган иш-чараларды регулярдүү түрдө ишке ашыруу Д. Абдыкеримовага милдеттендирилсин.
3. Токтом айыл өкмөтүнун сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет финансы,экономика жана инвестиция тартуу, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Дейимкуловго жүктөлсүн
Төрага | Э.А. Темиров |