ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 30-марты № 10
“Келечек” жана “Күн-Чубак” бала-бакчаларындагы балдардын тамактануусуна төлөнүүчү акча каражатынын өлчөмүн көтөрүү жөнүндө
Теплоключенка айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Келечек” жана “Күн-Чубак” бала-бакчаларынын сунуштарын эске алып, ата-энелеринин чогулуштарынын протоколдору менен таанышып жана айылдык кенешинин Социалдык маселелер (маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм, спорт, жаштар жана гендердик саясат) боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 11-мартындагы сунушунун негизинде, айылдык аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Теплоключенка айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Келечек” жана “Күн-Чубак” бала-бакчалардагы балдардын тамактануусуна ата-энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражаттын өлчөмү 500 (беш жүз) сомдон 650 (алты жүз элүү) сомго көтөрүлсүн.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Темиров |