Редакцияот 25.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз 40-сессиясы

 

2021-жылдын 25-февралы № 8

Көл-Төр айылын өзүнчө шайлоо округу кылып бөлүү жөнүндө

Көл-Төр айыл аймагынын Көл-Төр айылын өзүнчө шайлоо округу кылып бөлүү максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1. Көл-Төр айыл аймагынын Көл-Төр айылынын жашоочуларынын кайрылуусун эске алуу менен Көл-Төр айылын Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо өзүнчө округ кылып түзүү жагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына сунушталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

А. Алымбаев