Редакцияот 28.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 2-сессиясы

 

2021-жылдын 28-майы № 3

Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан келип түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу райондук финансы башкармалыгына Көл-Төр  айыл өкмөтү тарабынан кайрылуу жазылып, финансы министрлигинен кошумча каражат карап берүүнү сураган. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан 700 000сом өлчөмүндө кошумча каражат  келип түшкөндүгүнө байланыштуу Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

 

1. Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө келип түшкөн кошумча 700,0миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдарын жабуу үчүн жумшалсын жана тиешелүү беренелерге бөлүнсүн.

-электр энергиясы үчүн карызын жабууга 580,0мин сом;

-кызматкерлердин кызматтык иш сапарларына -50,0мин сом;

-маданият жана клубдарга утурумдук ремонту үчүн- 30,0мин сом;

-социалдык кызматкерлердин социалдык сумкасы үчүн 6,0мин сом;

-2021-жылдын экинчи жарым жылдыгына газета-журналдарга жазылууга 4,0мин сом;

-канцелярдык товар алууга 30,0мин сом;

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы У.Мааткеримовго, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

Ч. Болотбеков