Редакцияот 05.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы

 

2021-жылдын 5-июлу № 5

Айылдык кеңештин төрагасы тууралуу

Көл-Төр айылдык кеңешинин төрагасы Болотбеков Чыңгыз Болотбековичтин мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча жеке арызын бергендигине байланыштуу Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

 

1. Көл-Төр айылдык кеңешинин төрагасы Болотбеков Чыңгыз Болотбековичтин өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча жеке арызы канаттандырылсын.

2. Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 05.07.2021-ж. №2 протоколу бекитилсин.

3. Эсептөө комиссиясынын 05.07.2021-ж. №2 протоколуна ылайык, Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагалыгына Муканбетов Эрик Кайыпбекович шайланды деп табылсын.

 

Төрага

Э. Муканбетов